Кытайдын өкмөтү менен бир катар макулдашуулага кол коюлду
15:28, 25 октября 2023, Бишкек - 24.kg
Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цяндын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
1
Энергетика тармагындагы макулдашуулар:
- «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd» компаниясынын ортосундагы «Тегене» көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;
- «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
- «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation» кытай компаниясынын ортосундагы «Торугарт 1» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
- Ош облусунун Алай районунда жайгашкан «Эркечтам» кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Goldwind Science and Technology Co., Ltd» компаниясы ортосундагы өлкөдө кубаттуулугу 3 гигаваттка чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Molin Energy Company Limited» компаниясы ортосундагы өлкөдө күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
2
Башка тармактагы макулдашуулар:
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жана Кытайдын өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;
- Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
- Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;
- Кыргызстандын Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жана «Delong Steel Group Co., LTD» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.