Акылбек Жапаров Кытайдын премьер-министри менен жолукту. Эмнелер талкууланды

09:38, 25 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапары менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров 2023-жылы эки тараптуу мамилелер абдан активдүү болгонун белгиледи.

«Азыркы учурда Кыргызстан менен Кытайдын мамилелери эки тараптуу кызматташуунун тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти деп айтууга болот», — деди ал.

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цян бул расмий жумуш сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдеп, тереңдетет деген ишенимин айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулашты.