14:24
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

Токмокто 2 миң доллар пара талап кылган милиция кызматкери кармалды

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 19-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап пара талап кылуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында милициянын улук лейтенанты М.Д.К. 178 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Токмок ШИИБнин кызматкери арыз ээсинин зордуктоого айыпталып жаткан уулун кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2 миң доллар акча талап кылгандыгы аныкталган.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы. Кармалган жаран

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар