Төө-Ашуу аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

11:41, 24 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Кечээ кечинде Бишкек — Ош унаа жолунун 81-чакырымында (Сосновка посту, Тоо-Ашуу) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Чектөөлөр аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин уланат. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери Бишкек — Ош жолуна тайгаланууга каршы инерттик материалдарды чачууда.

«Автожолдордун ашуу аймактарына чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну, жанында дөңгөлөк чынжырларын алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп эскертти Транспорт министрлиги.