Монголиянын премьер-министри Кыргызстанга келди

09:57, 24 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Монголиянын премьер-министри Кыргызстанга келди

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Монголия өкмөтүнүн башчысын «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тосуп алды.

Монголиянын премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот. Ал ошондой эле 26-октябрда боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.