Кыргызстандык дзюдочу Кытайдагы Пара Азия оюндарында алтын медаль тагынды

16:50, 23 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин сайтында маалымдалды.

Ал көзү азиздер арасындагы 48 килограммга чейинки салмак ченинде 1/2 финалда Индонезиялык атаандашы Новиа Ларассатини утуп алган.

Финалда ал жапониялык Хангай Шизуканы жеңип, чемпион болду.

Эскерте кетсек, 22-28-октябрь күндөрү Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо боюнча 29 кыргызстандык спортчу катышууда.