Эртең Бишкектин эки конушунда суу өчүрүлөт

14:44, 23 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкектин эки конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык «Ала-Тоо» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу убактылуу токтотулат.

«Ала-Тоо 1» жана «Ала-Тоо 2» конуштарында ичүүчү суу саат 9.00дөн 20:00 гө чейин өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.