12:03, 23 октября 2023, Бишкек - 24.kg
Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын 4 миңге жакын кызматкери тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Ал 25-октябрдан 27-октябрга чейин Бишкекке Кытайдын премьер-министри Ли Цян расмий иш сапары менен жана Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ жумушчу сапары менен келерин эскертти. Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.
Азыр расмий делегациялардын маршруттук багыты, иш-чаралар өтө турган жана делегациялар жайгаша турган жерлер боюнча ыкчам-алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
«Коомдук тартипти жана жогорку даражалуу меймандардын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлердин талаптарына урмат менен мамиле кылууга жарандарга кайрылгым келет», — деди Нурлан Исмаилов.