19:58
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Кыргызстандык спортчулар Бүткүл дүйнөлүк оюндарында алгачкы медалдарын алышты

Эр-Риядда (Сауд Арабия) Бүткүл дүйнөлүк оюндар өтүп жатат. Бул тууралуу мелдештин сайтында маалымдалат.

Оюндун алгачкы күндөрүндө кыргызстандык спортчулар төрт медаль утушту.

Назим Нурланов каратэ боюнча турнирде күмүш медаль тагынды. Финалда ал түркиялык спортчудан утулуп калды.

Жамалбек Асылбек уулу (88 килограммга чейин), Бекназар Жээмырзаев (98 килограммга чейин) жана Мираида Медетбек кызы (65 килограммга чейин) самбо боюнча коло медаль алышты.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк оюндар 30-октябрда жыйынтыкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар