Орус драма театрында өрт чыкты

15:18, 20 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Орус драма театрында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык өрттү өчүрүү үчүн окуя жерине 4 күжүрмөн эсеп тартылды.

Театр кызматкерлери 24.kg агенттигине өрт болжол менен костюм цехинде башталганын билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоого кыска туташуу себеп болгон.