Башкача айтканда алар расмий каттоосу жок жарым жылда 90 күн гана жүрсө болот. Андан ашык жүрүү үчүн чет элдик жаран Кыргызстанга келген максатына (үй-бүлөсүнө кошулуу, окуу, иштөө ж.б.) жараша өлкөдө жүрүүгө уруксат берчү документтерди алууга милдеттүү. Андай документтерге: жашаган жерине каттоого туруу, узак жашап турууга уруксат, убактылуу жашоого уруксат, ошондой эле «Кайрылман» же «Мекен-карт» кирет.
ЕАЭБге мүчө — Армения, Беларус, Казакстан, Орусиядан тышкары Тажикстандын, Грузиянын, Азербайжандын жана Молдованын жарандарын каттоо алты айдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт.
«Чет өлкөлүк жарандардын жашы жете элек балдарын жана жарандыгы жок адамдарды каттоо алардын ата-энелерин, камкорчуларын жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир убакта жүзөгө ашырылат. Тиешелүү документтерди тариздөө боюнча чет элдик жарандар калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же 119 телефонуна кайрылса болот» деп жазылган маалыматта.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдан бери толук кандуу мүчө.