14:16, 19 октября 2023, Бишкек - 24.kg
«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси реконструкциялоого муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Ал белгилегендей, мамлекеттик протокол алкагында комплекс чет элдик делегациялар үчүн сөзсүз баруучу жерлердин тизмесине киргизилген.
«Ата-Бейитке» ар кайсы өлкөлөрдүн мамлекет башчылары келишет. Бирок бүгүнкү күндө объект начар абалда. Оңдоого акча жок деп айтышты. Жыл сайын жетиштүү каражат бөлүнбөйт. Комплексте кызматкерлер, тарыхчылар жок. «Ата-Бейит» реновацияга муктаж", — деди Чыңгыз Айдарбеков.
Ал мемориалдык комплекс Маданият министрлигинин карамагында экенин белгилеп, объектти президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү маселесин кароону сунуштады.