11:38, 19 октября 2023, Бишкек - 24.kg
Август айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 5 миллиард 846,41 миллион долларды (515 миллиард 967,52 миллион сом) түздү. Мындай маалыматтарды Финансы министрлиги келтирди.
Маалыматка ылайык анын ичинде 4 миллиард 496,06 миллион доллар (396 миллиард 794,73 миллион сом) тышкы карызды, ал эми 1 миллиард 350,34 миллион доллар (119 миллиард 172,78 миллион сом) ички карызды түзөт.
Үч айдын ичинде мамлекеттик карыз 107,73 миллион долларга көбөйдү. Тышкы карыз 2,7 миллион долларга, ал эми ички карыз 96,88 миллион долларга өстү.
Тышкы карыздын жарымынан көбүн (51,8 пайызын) Кыргызстандын ар тараптуу зайымдары түзөт — 2 миллиард 330,58 миллион доллар. Дагы 2 миллиард 111,59 миллион доллар (тышкы карыздын 47 пайызы) өлкө эки тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында карыз. Анын ичинен тышкы карыздын 38,5 пайызын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына болгон карыз ээлейт, ал август айынын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард 732,13 миллион долларды түздү.