10:00, 19 октября 2023, Бишкек - 24.kg
«Үй бүлөгө көмөк» жөлөкпулу 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон жана мигранттардын үй-бүлөлөрүнө берилет. Ал айына 1,2 миң сомду түзөт.
Эгерде үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу бир же бир нече мүчөсү иштебесе, жөлөкпул алуу үчүн кайрылуудан мурун алар жумушсуз катары каттоого турушу керек.
Иштебегендер жана иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдарында белгиленген тартипте катталбагандар.
*Арыз ээсинен (үй-бүлө мүчөлөрүнөн) жумушсуз статусун кагаз жүзүндө тастыктоо (маалымкат) талап кылынбайт.
Иш жүзүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына. Жашаган жери боюнча каттоодо туруу маанилүү эмес.
Эгерде жаран ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемеге эки айдын ичинде келбесе, ал расмий түрдө жумушсуз жана жумуш издеген адам каттоосунан алынат.
Жергиликтүү бийлик менен социалдык келишимге (100 миң сом) кол койгон үй бүлөлөр бул жөлөкпулду үч жылга чейин ала алышпайт.