USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

«Эркечтам» өткөрмө бекетинде бир адамды кагып кеткен шектүү кармалды

11:18, 18 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаа бир адамды кагып кетип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык жол кырсыгы апрель айында болуп, 38 жаштагы жаран каза болгон. Факт кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган. 312-берене «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Алынган экспертизанын корутундуларынын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүк ташуучу унаанын айдоочусуна издөө жарыяланган. 16-октябрда ал кармалып, камакка алынды.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика