10:05, 18 октября 2023, Бишкек - 24.kg
2023-жылы дээрлик 800 миңден ашуун айдоочу жол кыймылынын эрежесин бузган. Мындай маалыматтар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тогуз айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча кеңешмесинде айтылды.
Мекеменин маалыматы боюнча, жол эрежесин бузган 746 миң 673 айдоочу аныкталган. Мамлекеттик бюджетке 396 миллион 92 миң 240 сом түшкөн.
Ошондой эле 420 миң 582 башка жол эрежелерин бузуу учурлары катталган.