17:37, 17 октября 2023, Бишкек - 24.kg
Желек-футбол, крикет, лакросс, сквош жана бейсбол/софтбол 2028-жылы Лос-Анжелесте (АКШ) өтө турган Олимпиада оюндарынын программасына расмий түрдө киргизилди. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин сайтында маалымдалды.
Бул спорт түрлөрү ичинен олимпиадалык программага мурда крикет, лакросс жана бейсбол/софтбол кирген.
Чечим Эл аралык олимпиада комитетинин 141-сессиясында кабыл алынды.
«Спорттун бул беш жаңы түрүн тандоо америкалык спорт маданиятына туура келет жана Америка үчүн символикалык мааниге ээ болгон түрлөрүн бүткүл дүйнөгө көрсөтөт. Бул спорттун түрлөрү 2028-жылы Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндарын уникалдуу кылат. Алардын кошулушу олимпиадалык кыймылга АКШда жана дүйнө жүзү боюнча жаңы спорт күйөрмандарын тартууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи ЭОКтун президенти Томас Бах.
Лос-Анжелестеги Олимпиада оюндары 2028-жылдын 14-июлунан 30-июлуна чейин өтөт.