Пара Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 29 спортчу катышат

13:49, 16 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Пара Азия оюндарына катыша турган улуттук курама командага мамлекеттик тууну тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Оюндарга 29 кыргызстандык 6 спорттун түрү боюнча катышат: жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо.

Эске салсак, Пара Азия оюндары 20-30-октябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт.