Бишкекте «Эмаркстрой» курулуш компаниясынын директору кармалды

13:00, 13 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Эмаркстрой» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов кармалды. Маалыматты 24.kg агенттигине Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Ишкер кылмыштуу топтун курамында кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоо) айыпталууда. Ага карата 4-ноябрга чейин камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

Буга чейин Elite House курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев жана «Авангард стиль» курулуш фирмасынын башкы директору Эрнис Минкеевди камакка алынган. Аларга дагы Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту, башкача айтканда кылмыштуу топтун курамында кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча айып тагылууда.