Кыргызстанга Шавкат Мирзиеев менен Касым-Жомарт Токаев келди

12:38, 13 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери келишти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык «Манас» аэропортунан Шавкат Мирзиеев менен Касым-Жомарт Токаевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Андан соң делегациялар «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына кетишти.

министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Кыргызстанга Шавкат Мирзиеев келди
министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Кыргызстанга Касым-Жомарт Токаев келди

Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт. Иш-чарага катыша турганын ырастаган президенттердин баары борбор калаага келишти.

Саммит болжол менен саат 13.00дө сүрөткө түшүү аземи менен башталат.