Сот Тимур Файзиев эмнеге айыпталып жатканын билдирди

13:22, 12 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Elite House курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) айыпталууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту, башкача айтканда кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча айып тагулууда.

Кечээ Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы ишкерди 9-декабрга чейин калаанын СИЗО-1 абагына камады.

Эске салсак, 2021-жылдын май айында Тимур Файзиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга аракет кылышкан. Бирок ал Бишкектин сыртында болуп, ага издөө жарыяланган. Ишкер Бишкектеги жер тилкелерин алууда жана мыйзамсыз курулушта коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө.