УКМК: ишкерлерден системалуу түрдө акча опузалаган салык инспектору кармалды

12:10, 12 октября 2023, Бишкек - 24.kg

УКМК салык кызматынын инспекторун ишкерлерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын атайын салык режими бөлүмүнүн башкы инспектору Б.М.С. ар кандай текшерүүлөр менен коркутуп, чакан жана орто бизнес субъекттеринен системалуу түрдө көмүскө акча чогултууну уюштурган. Ишкерлерди акчаларды электрондук капчыктарга которууга мажбур кылышкан..

Салык кызматкери жана анын ортомчусу УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

УКМКнын басма сөз кызматы. Кармалгандар
УКМКнын басма сөз кызматы. Кармалган жаран
УКМКнын басма сөз кызматы. Кармалган жаран