10:49, 12 октября 2023, Бишкек - 24.kg
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Израилден чыгып кетүүнү каалаган кыргыз жарандарынын саны көбөйдү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 20 кыргызстандык өлкөдөн чыгып кетүүнү пландап жатат. Аларды аталган өлкөдөн сыртка алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иштелип жатат. Мекеменин маалыматы боюнча, Израилде Кыргызстандын 65 жараны бар.
Ишеним телефондору (күнү-түнү):
Израиль-Палестина жаңжалынын кезектеги курчушу 7-октябрда болду. Хамастын согушкерлери Израилдин шаарларына массалык ракеталык сокку уруп, анын аймагына басып киришти. Тель-Авив согуш жарыялады.