Mega компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алды

09:31, 12 октября 2023, Бишкек - 24.kg

«Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюнча аукцион өттү деп таанылды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигинен кабарлашты.

Электрондук соодага эки компания катышкан: «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК, «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жеңүүчү болуп, компания үчүн 14,8 миллиард сом сунуш кылган.