Kaganat Resort эс алуу борборунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана «Аврора Групптун» ээси Азрет Боотаев УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды.
Мекеменин маалыматына ылайык, мыйзамдагы ууру делген Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаевге) карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» боюнча кылмыш иши тергелип жатат.
Азрет Боотаев 4-октябрда кармалып, ал иш боюнча шериктеш катары өтүп жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү.