Бишкектин башкы архитектору 10 күнгө тергөө абагына киргизилди

10:43, 09 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев 10 күнгө УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Урмат Карыбаев 16-октябрга чейин камакта болот. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкекбашкыархитектуранын башчысы мыйзамсыз жер берүү боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалды. Келтирилген зыян 8 миллион сомду түзөт.

Буга чейин Бишкекбашкыархитектура мекемесине 24.kg агенттиги комментарий үчүн кайрылганда, директор 2-октябрдан бери өргүүдө экенин жана жуманын башынан бери жумушта көрүнбөгөнүн билдиришкен. Урмат Карыбаев 2022-жылдын июнь айында борбордун башкы архитектору болуп дайындалган. 2009-жылдан бери Кыргызстандын Архитекторлор союзунун мүчөсү.