Улуттук статистика комитети жаштар арасындагы эң популярдуу кесиптерди атады

09:36, 09 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы жаштардын арасында эң популярдуу болгон кесиптерди атады. Маалыматтар «Кыргыз Республикасындагы билим берүү жана илим» тууралуу отчетунда камтылган.

Жаштар арасында экономист, котормочу, дарыгер, юрист, энергетик, программист, куруучу жана менеджер адистиктери эң популярдуу болгондугу аныкталган.

Акыркы жылдары педагогика (1,9 эсе), саламаттык сактоо жана техникалык илимдер (1,5 эсе) адистиктерин тандагандардын саны кыйла көбөйгөн.

Ошол эле учурда табигый илимдерде (29 пайызга), менеджментте (23 пайызга) жана юриспруденцияда (4 пайызга) окуган студенттердин саны азайган.