Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү сунушун камтыган долбоорду Жогорку Кеңеш 28-сентябрда дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз колдогон. Экинчи окууда 64 «макул», эки депутат «каршы» добуш берген. Үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болгон.
«Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн.
Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө «Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт» деп так белгиленген. Мыйзамды сынга алгандар соңку өзгөртүү Баш мыйзамдын ушул беренесине карама-каршы келерин белгилеп жатышат. Бир катар юристтер, эксперттер бул мыйзам кабыл алынса бийликтеги баланс бузуларын, сот эркиндиги чектелерин эскертип келген.
Президенттин администрациясы Баш мыйзамда деле «Жогорку Соттун чечими акыркы болот» деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.
Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.
Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен «атасынын аты» деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.
«Конституциялык сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси ушул чечимден кийин көтөрүлгөн.
6-сентябрда спикер Нурланбек Шакиев «матроним» маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасын жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылган.