Ысык-Көлдө жоголгон 11 жаштагы Бекболот Турдушев Бишкектен табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Буга чейин милицияга баланын атасы кайрылган. Ал Бекболот 25-сентябрда болжол менен саат 15:00дө Түп шаарынан Караколдогу достору менен жолугуу үчүн кеткенин, ошондон бери байланышка чыкпаганын билдирген.
Бүгүн милиция кызматкерлери мектеп окуучусун борбордон табышты. Ал достору менен ошол эле күнү Бишкекке чыгып, алар менен жүргөнү белгилүү болду. Баланын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок. Милиционерлер окуянын себептерин жана жагдайларын аныктап жатышат.
Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Түп районунундагы Балбай айылынын кичинекей тургуну Бекболот Турдушев 2021-жылдын февраль айында президентке видео кайрылуу жасаган. Ал мамлекет башчысынан өз айылына мектеп куруп берүүсүн суранган. Кийинчерээк бала Садыр Жапаров менен жолуккан.