Президент Садыр Жапаров Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен «ФРГ — Борбор Азия» саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Иш-чара 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтөт.
«Мамлекет башчысы Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда», — деп айтты Муратбек Азымбакиев.
Мындан тышкары, сапардын алкагында президенттин Борбор Азия лидерлеринин Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле «Германия экономикасынын Чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышуусу күтүлүүдө.