Путин Беларус президенти Александр Лукашенко менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Мурдараак Беларустун президенти Александр Лукашенко дүйшөмбү күнү Путин менен телефондо сүйлөшкөнүн, 15-октябрда ал Кыргызстанда Путин менен жолугушууну пландап жатаканын кабарлаган.
«Биз президенттин мындай сапары пландалып жатканын жана ал жерде жолугушуу пландалганын тастыктай алабыз», — деди Песков.
Путин Кыргызстанга келери май айында эле белгилүү болгон. Анда аны президент Садыр Жапаров чакырган. Бирок сапардын датасы белгисиз болгон.
Октябрь айынын ортосунда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт.