10:19, 22 сентября 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык театр артисттерин жана музей кызматкерлерин тажрыйба алуу үчүн Санкт-Петербургга жөнөтүү сунушталууда.
Демилгени Кыргызстандын маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов Бишкекте өткөн кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык комиссиясынын жыйынынын алкагында билдирди.
Чиновниктин айтымында, бул Россиянын маданий борборунун адистеринен дүйнөлүк тажрыйба алуу үчүн маанилүү.
Ал Нева жээгиндеги шаарда мыкты адистер окутарын кошумчалады.