09:23, 22 сентября 2023, Бишкек - 24.kg
Белградда күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты уланууда. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалат.
Финалда 62 килограммга чейинки салмак категориясында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова япониялык спортчу Сакура Мотоки менен күрөшүп, жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2022-жылы өткөн Дүйнө чемпионатында медал алган эмес.
Буга чейин Айпери Медет кызы финалда жаракат алып, япониялык Юки Кагамиге утулуп калган.
Эки балбан кыз тең Париж Олимпиадасына жолдомо алышты. Ошондой эле Акжол Махмудов дагы Олимпиада оюндарына катышат.