12:52, 19 сентября 2023, Бишкек - 24.kg
Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрөт.
20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн абанын температура −2 градуска чейин төмөндөйт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатарын эскертти.