Сасык тумоого каршы вакцина региондорго бөлүштүрүлүүдө

13:31, 18 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тендердин негизинде сасык тумоого каршы 90 миң 666 вакцина сатып алды.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда «Гриппол+» вакцинасын республиканын бардык аймактарына бөлүштүрүү жана жөнөтүү иштери жүрүп жатат.

Эмдөө акысыз, бирок тобокел тобундагы адамдар биринчи кезекте эмделет, атап айтканда:

  • медицина кызматкерлери;
  • өнөкөт оорулары бар адамдар;
  • көп ооруган балдар;
  • 65 жаштан ашкан жарандар;
  • кош бойлуулар.

Респиратордук инфекциялардын алдын алуучу жөнөкөй эрежелер бар. Алар:

— беткап режими жана социалдык дистанцияны кармануу;

— респиратордук гигиена (жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жүз аарчы менен жабуу);

— организмдин ысып жана муздап кетишинен сактануу;

— сасык тумоо белгилери бар адамдарды өз убагында изоляциялоо;

— санитардык-гигиеналык чаралар (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү дайыма желдетип туруу, нымдуу тазалоо жана башкалар).

Бала курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияга кабылган учурда сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербей, дарыгерге кайрылуу сунуш кылынат.

Мындан тышкары, окуу жана эс алуу режимин сактоо, ашыкча иштебөө, таза абада көп болуу, жетиштүү убакыт уктоо жана жакшы тамактануу, ошондой эле эртең мененки гимнастика жана дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо керек.