11:42, 18 сентября 2023, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барды.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында президент Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин лидерлеринин диалогуна катышат. БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти Джо Байдендин биринчи саммитине катышат.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен жолугушууларды өткөрөт.
Мындын тышкары, өлкө башчысы Американын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар: