16-сентябрда Белградда эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.
61 килограммга чейинки салмак категориясында Тайырбек Жумашбек уулу коло медаль тагынды.
Кыргызстандык мушкер Азербайжандын, Түркиянын балбандарын жеңип, жарым финалда америкалык спортчуга утулуп калды.
Коло медаль үчүн таймашта ал Япониянын өкүлү менен күч сынашып, жеңишке ээ болду.
Бешинчи орунду кыргызстандык Эрназар Акматалиев ээледи. Коло үчүн күрөштө ал Болгариянын өкүлүнө утулуп калган.