Кыргызстандын футбол боюнча Кубогу. Финал 16-сентябрда өтөт

16:52, 14 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

16-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргыз Республикасынын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши өтөт. Бул тууралуу социалдык тармактарда Кыргыз футбол союзу билдирди.

Жеңиш үчүн өлкөнүн учурдагы чемпиону «Абдыш-Ата» (Кант) жана премьер-лиганын дебютанты «Мурас Юнайтед» (Жалал-Абад) ойношот.

Оюн саат 20.00дө башталат.

Кыргыз футбол союзу
Кыргыз футбол союзу

Эскерте кетсек, жарым финалда «Мурас Юнайтед» «Кара-Балтаны», ал эми «Абдыш-Ата» «Алай» командасын уткан.