Эмгек министрлигинде коррупциялык схема аныкталды

13:30, 14 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коррупциялык схема мамлекеттик социалдык төлөмдөргө жана жөлөк пулдарга тиешелүү.

«2021-2022-жылдары Аламүдүн райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында аудитордук текшерүү жүргүзүлдү. Башкармалыктын кызматкерлери документтерди жасалмалоо менен 9 миллион 52 миң 926 сом өлчөмүндө социалдык төлөмдөрдү жана жөлөк пулдарды мыйзамсыз алып алышкан», — деп билдиришти мекемеден.

Башкы бухгалтер, бухгалтериянын төрт кызматкери, соцкызматкер жана социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн эки кызматкери кармалды.