Кадамжай районунда жаран эки килограммга жакын гашишти сатууга аракет кылган

12:55, 14 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Кадамжай районунда 2 килограммга жакын гашишти сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тинтүү учурунда 24 жаштагы жарандан кара баштык табылган.

Эксперттин корутундусуна ылайык, салмагы 2 килограммга жакын алынган зат гашиш экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Фото ИИМдин басма сөз кызматы

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.