Экономика министринин орун басарларынын саны эки эсеге кыскарды

11:20, 14 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети Экономика жана коммерция министринин орун басарларынын санын кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика жана коммерция министринин орун басарларынын саны 4 адамга кыскарды.

Маалыматка ылайык, чечим министрликтин системасын оптималдаштыруу жана ишин натыйжалуу уюштуруу максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары, Туризм департаментинин директорунун кызматында министрдин орун басары рангы алынып салынды.