«Кыргызавтожолдун» кызматкерлери 2 миллионго жакын каражатты ээлеп алышкан

16:58, 13 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызматкерлери Суусамыр — Талас — Тараз автожолунун курулушуна бөлүнгөн акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган филиалдын кызматкерлери мамлекеттин бюджетине 1 миллион 900 миң сом кайтарып беришкен.

Аталган фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.