16:58, 13 сентября 2023, Бишкек - 24.kg
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызматкерлери Суусамыр — Талас — Тараз автожолунун курулушуна бөлүнгөн акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган филиалдын кызматкерлери мамлекеттин бюджетине 1 миллион 900 миң сом кайтарып беришкен.
Аталган фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.