USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

«Черный двор» тасмасы «Азиянын мыкты сериалы − 2023» наамына көрсөтүлдү

09:24, 13 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Режиссер Диас Бертистин көп сериялуу «Черный двор» тасмасы «Азиянын мыкты сериалы − 2023» наамына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Пусан эл аралык кинофестивалында белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бул 1.1 Studio (Кыргызстан) жана Salem social media (Казакстан) студияларынын биргелешкен иши.

Бул тизмеге дагы беш тасма кирген.

Сериал чыныгы окуяга негизделген. Тасмада 16 жаштагы жигиттердин окуясы баяндалат. Алар бандиттик тасмалардын таасири астында ошол каармандардай болууну кыялданышат. Бул үчүн төрт дос чоң ишке киришип, кийин жашоодо бардык нерсе кинодогудай эмес экенин түшүнүшөт.

Белгилей кетсек, YouTube платформасында тасма 10 миллиондон ашык көрүү топтогон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика