"Ак-Ордо 1" конушунда жайгашкан турак үйдүн короосунда 17 жаштагы өспүрүм чуңкур казып жатып, түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, куткаруучулар жаранды алып чыгышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
Учурда жарандын абалы канааттандырарлык.