Жардам Украинанын коопсуздугун коргоо демилгесинин (USAI) алкагында берилет. Пакетте Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө үчүн жабдуулар, артиллериялык ок-дарылар жана башка жабдыктар бар.
«АКШ өзүнүн союздаштары жана өнөктөштөрү менен бирге Украинанын согуш талаасындагы жана коопсуздук тармагындагы узак мөөнөттүү муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иштөөнү улантат», — деп билдирди АКШнын Коргоо министрлиги.
Акыркы бир нече күн ичинде АКШ Украинага ар түрдүү багытта жардам көрсөтөрүн бир нече жолу жарыялады. Тактап айтканда, 6-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага келип, Вашингтон Украинага 1 миллиард доллар бөлүп жатканын билдирген.
Ушул эле күнү АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 175 миллион долларлык кезектеги аскерий жардам көрсөтөрүн жарыялаган. Анын ичинде «Абрамс» танктары үчүн снаряддар бар экени кабарланган.