Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси ошол эле учурда Беларус тарапта эч кандай чектөө жана тыгын жок экенин кошумчалады.
ТИМдин маалыматы боюнча, ушул тапта Литва менен Беларустун чек арасында «Лаворишкес Литва — Котловка», «Мядининкай Литва — Каменный лог», «Шальчининкай Литва — Бенякони», «Райгардас Литва — Привалка» бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерден жеңил машинелер жана жүк ташуучу автоунаалар да өтсө болот.
Министрлик Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен биргеликте кыргызстандыктарга жардам көрсөтүү үчүн чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын кабарлады.