Депутаттар эки күндүк эмгек акысын Ысык-Көлдөгү селден жабыркагандарга которот

12:22, 08 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндүк эмгек акысын Түп жана Ысык-Көл райондорундагы сел кырсыгынан жабыркаган тургундарга жардам катары которот. Бул тууралуу жыйында чечим кабыл алынды.

Август айында Түп районунда сел жүрүп, 90дон ашык үйдү каптаган.