УКМК: президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган жаран кармалды

17:24, 07 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси А.Д. президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Аталган факт боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин негизинде кылмыш иши козгоду. А.Д. чагымчыл материалдарды маалымат каражаттарына таратып жиберем деп коркутуп, мамлекет башчынын жардамчысынан акча талап кылган. 6-сентябрда тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү акчанын бир бөлүгүн алгандан кийин кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, баш тамгалар Садыр Жапаровдун буйругу менен дайындалып, агенттикти 2020-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген мурдагы башчысы Даниал Ахметовдун аты-жөнү менен дал келет.