15:13, 07 сентября 2023, Бишкек - 24.kg
Билим берүү министри Каныбек Иманалиев ээлеген кызыматынан бошотулду. Анын милдетин аткаруу Уланбек Усековго жүктөлдү.
Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен санариптүү өнүктүрүү министри Талантбек Иманов дагы кызматынан алынды. Анын ордуна Нурия Кутанова милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна мурдакы саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова дайындалды.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектөөгө Алымкадыр Бейшеналиев кайра келди.
Андан тышкары Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директор Умбриэль Темиралиев дагы иштен кетти.